Жаздын алгачкы күнү улуу муундагы ырчылар ресторандардын биринде Ибрагим Жунусовду Маданият агенттигинин башчысы болушу менен куттукташты. Бул чакан кечени уюштуруу демилгесин Айчүрөк Иманалиева, Райхан Абдувалиева жана Алина Жетигеновалар көтөрүп чыгышкан. Ал эми Ибрагим мырзага куттуктоо сөздөрүн айтуу үчүн Гүлшайыр Садыбакасова, Каныкей Эралиева баш болгон Бек, Сыймык, Динара, Гүлнур сыяктуу белгилүү жылдыздар келишти. Эстрада өкүлдөрү маданият башчысына ак калпак, чепкен кийгизишип “анча-мынча бейбаш ырчыларды сабап тур” дешип, камчы да тартуулашты. Кечени Турусбек Жумалиев алпарып, дээрлик ар бир ырчы ыры менен куттуктаганга жетишти.