Ди-джей катары эл оозуна алынган Лилия Абдыбаитова “Кыргызстан Обондору” радиосунда директор катары эмгектенип жаткан. Эмгекчил айым бир эле иш менен чектелбестен, уюлдук компаниялардын биринде да иштөөдө. Лилиянын бул компанияда кызмат орду жогорулап, жоопкерчилиги көбөйгөндүктөн, директорлуктан кетүүнү чечкен. Ошентсе да, мурдагы жамааты менен бир туугандай болуп калгандыктан, жакында болчу туулган күнүн да ди-джей достору менен белгилемекчи. Эми Лилия уюлдук тармакта эмгектенүү менен, баласын тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлө алат.