Ар жылы ырчы Гүланда үчүн 8-март кош майрам. Себеби ал туулган күнүн да, айымдардын майрамын да бир белгилейт.
Бул жолу ырчы кыз туулган күнүн жакын досторунун арасында өткөрдү. Бир гана жолдошу жанында болгон жок. Анткени Айбек Карымов Кытайда иштери менен жүргөн. Бирок Айбек мырза беш айдан кийин эне болуучу жубайынын маанайын түшүрбөө үчүн эң биринчилерден болуп телефон аркылуу куттуктап, баалуу белеги даяр экенин билдирген.