“Не отпускай”, “Жаным” деген ырлары менен эл оозуна алынган Салкынай Алиеванын чыгармачылыгында көп жаңылыктар орун алды. Биринчиден, белгилүү мушкер Александр Воиновдун келини болгон ырчы кыз Алиева деген фамилиясын өзгөртүп, Воинова болду. Экинчиден, продюсер катары үч жигиттен түзүлгөн “Арман” тобун жетектөөдө. Түзүлгөнүнө жарым жылдан ашкан топтун англис тилиндеги “Веt on it” аттуу ыры радио түйүндөрүндө жаңырууда.