Үй-бүлө куруу менен чыгармачылыктан кичине алыстап кеткен Мерген Турган эми чыгармачылыгын жандандырууну чечти.
Учурда “А бирок” деген ыр жыйнагын чыгаруу алдында турат. Эмне эле Мерген байкебиз чамынып калды десе, сахнада кызмат кылганына 25 жыл толгон тура. Мерген мырза бул датаны белгилөө үчүн концерт берүүгө да камынып, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн чагы.