Популярдуу шоумен Эрмек Нурбаев радиого ди-джей болуп ишке орношту. Тагыраак айтканда, мындан кийин Эрмектин тамашалуу, куйкум сөздөрүн “Кыргызстан Обондору” радиосунан уга алабыз.
Нурбаев: “Радио чөйрөсүнө көптөн бери кызыгып жүргөм. Эми мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыялдарымды орундатам”,- дейт. Шоумен 22-марттан баштап ди-джей Назира Кадыева менен биргеликте “Тентек микрофон” программасын алпарууга камынууда.