МАКСИМ ГАЛКИН

Толук аты-жөнү Максим Александрович Галкин
Туулган жылы, күнү 18.06.1976
Туулган жери Москва шаары
Жылдызы Эгиздер
Билими Жогорку. Орусия мамлекеттик гуманитардык университетинин лингвистика факультетин бүтүргөн
Дүйнөдө эң кымбат адамы – Апасы
Өкүнгөнү Атасынан айрылып калганы
Кийинүү стили Сахнада классикалык, башка учурда жынсы кийимдерин кийет
Эңсегени Тынч уйку
Хоббиси Саякаттоо
Тилеги Адамдар бир гана күл­кү­дөн ыйласа

МАКСИМ БАЛАПАНДЫН РОЛУНДА
Мындан 32 жыл мурун бири аскер кызматкери, бири мугалим болгон Галкиндердин үйбүлөсүндө экинчи уул Максим жарыкка келген. Анын аткаруучулук таланты 4 жашында эле байкалып, бала бакчада алгачкы жолу эл алдында кайсы бир жомоктогу балапандын ролун аткарган. Кийинки жылы баланын талантын байкашкан тарбиячылар ага андан да татаалыраак образ жаратууну сунушташат. Жыйынтыгында, 5 жаштагы Максим иттин, аракеч абышканын, хандын ролун мыкты деңгээлде жарата алган. Ал эми пародияга болгон жөн­дөм­ү болсо мектепте окуп жүр­гөн­дө байкалып, мугалимдерди тууроодон башталган. Адаттагыдай бул нерсеге мугалимдер чычалабастан, аны кайра мектеп сахнасында маданий иш-чараларда аткаруусун суранышкан. Бирок, 6-классында Максим мектеп мүдүрүн туурайм деп аз жерден окуусунан айдалып кетүү коркунучуна кабылган. Ошол эле жылы жаш талант Максим Галкиндин алгачкы чыгармачылык кечеси болуп өткөн. Анда куурчак театрын уюштуруп, Максим элди таңкалтыра абышканын үнү­нөн тартып жаш баланын үнүнө чейин келиштире аткарган. 13 жашында Горбачёвду сыналгыдан көрүп отуруп аны так өзүндөй туурай коёт да, өзүнүн чыныгы таланттуу экендигине көзү жетет.

КЕСИП ТАНДОО
Максим балалыгынан бери эле бир нерсени алдын-ала пландабайт. Мектепти аяктап жогорку окуу жайына тапшыраарда да келечекте ким болоорун билген эмес. Окуучулук кезинде эле географияга кызыгып, жер шарындагы мамлекеттердин баарын жатка билчү. Андан тышкары, зоологияга да кызыкчу. Бирок, акыры тилчи болууну чечип, лингвистика тармагына багыт алат. Кесип тандоонун жыйынтыгында Максим фантастика жанрындагы чыгармаларды жазууну көздөп, өз оюндагы чыгармаларынын каармандарына кооз аттарды да тандай баштайт. Алтургай “Караңгынын күчү” деген романын да баштап алган. Бирок, бул романын азыркы күнгө чейин жазып бүтө элек.

УСТАТТЫН КҮЧҮ
Студент кезинде Максим жалаң саясатчыларды туураган пародиялык номер менен эл алдына чыга баштайт. Анын талантын байкаган юморист, жазуучу Михаил Задорнов өзү менен кошо гастролдорго ээрчитип барып тарбиялоону чечет. Жыйынтыгында, жаш пародистке атактуулукка жол ачылган. Тамашалуу берүүлөрдүн жылдызына айланып 2001-жылы эфирден “Ким миллионер болгусу келет?” деген берүүнүн алпаруучусу катары чыгат. Ошондон бери атактуулуктун тепкичинде жогору карай багытын өзгөртпөй бет алууда. Көпчүлүк: “Максим өзү туураган саясатчыларга караганда абройлуураак. Анткени, жыл сайын Жаңы Жыл түнү президенттин алдында сөз сүйлөйт. А башкаларда мындай мүмкүнчүлүк жок”,- дейт.

ЫРЧЫЛЫК ЖАНА АЛЛА ПУГАЧЁВА МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
2001-жылдын октябрь айынан тарта Максим Орусия эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёва менен биргеликте ырдап чыга баштаган. Ошондон көп узабай маалымат каражаттарында “Максим Галкин эми ырчылыкка өтөт” деген да кабар тараган. Бирок, юморист ырчы болууга талантынын жетиштүү экендигин билсе да бул багытка жол тартуудан алыс экендигин билдирген.
“Алла Пугачёва Филипп менен Максим үчүн ажырашкан”, “Алла менен Максим жашыруун баш кошуп, чогуу жашашууда”, “бул түгөйлөр кайра ажырашты” деген ушак-кептердин жамгырында калган Максим дайыма мунун баары жалган экендигин тастыктаган маалыматтарды таратып келет. Ошентсе да эки жылдыздын кол кармаша гастролдордо чогуу жүргөнү, казинолорго чогуу барганы Алланын 1991-жылы айткан “жыл өтүп, өзүм карыган сайын күйөөлөрүм жашарып турат” деген сөзү бул маалыматтарды тастыктап тургансыйт. Алтургай Алла Пугачёва: “Ооба, Максим экөөбүз биргебиз”,- деп да айткан. Мунун натыйжасында “Максим Галкин фамилиясын өзгөртүп, Максим Аллкин болуп алыптыр” деген анекдот да жаралган.
Ошондой эле эл ичинде: “Алла Орусия эстрадасынын мафия башчысы, Максимди жөн гана өзүнө пиар катары жанында алып жүрөт. Керек болсо Филипп да ошондой куралдардын бири болчу. Максим азыр анын капканында басылып жатат. Эми Алла жаш юмористти өзү жибермейинче ал эч жакка кете албайт”,- деп да айтылып жүрөт. Ошентсе да экөө ортодогу мамилелери тууралуу өздөрү ачык айта электе эрте жыйынтык чыгарууга болбос.

ЖЕКЕ АДАМ КАТАРЫ
Максим кичинекей балдарды эң жакшы көрөт. Андыктан, улуу байкесинин үйүнө анын балдары үчүн гана барат. Жакын арада үйлөнүүнү пландаштыра элек болсо да балалуу болуу – юмористтин эң чоң тилеги. Жашоосунда тынч уйкуга жана диетасыз тамактанууга зар экендигин айтып келет. Анткени, атактуулуктун келиши менен Максим тынч уйкудан айрылса, ашказан оорусунан улам балалыгынан бери катуу диетада отурат. Максимдин быйылкы жылы кышкы эс алуу учурунда жүрөк оорулуу экендиги маалым болду. Бул дагы пародисттин бир канча күйөрмандары үчүн жагымсыз жаңылык болгон.
Сүйүүсү тууралуу жар салууну жактырбайт. Андыктан, Максимдин болочоктогу жубайы Аллабы же ким экени белгисиз. Ошентсе да мек­тепте окуп жүргөндө өзү­нөн улуу Елена аттуу кызга ашык болгону, кийин ыр­чы Са­ти Казанованы жактыраары туурасында божомолдуу маалыматтар тараган. Ал эми аялдардагы тактыкты жана эркеликти жактырат.
Өзүнүн жини бат келип, сөгү­нүп жибергенин жана сергек эместигин жаман көрөт. Ал эми тамеки чекпей, ашыкча спирт ичимдиктерин ичпегенин жактырат.

Максим жеке турмушунда да тамашакөй. Ар кимдин үнүн катыра келиштире алгандыгы менен досторун тамаша торго салганды жактырат. Бир жолу Кытайда гастролдо жүргөн Филипп Киркоров менен Алла болуп сүйлөшүп тамашалап, экөөнү уруштуруп да жиберген.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 289, 16-22-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан