ЖИБЕК ШАДЫКАНОВА

Мындан 1-2 жыл мурун популярдуу болгон эки кыздын курамынан түзүлгөн “Элегия” тобун билбегендер болбосо керек. Акыркы күндөрү бул топтун көрүнбөй калганы күйөр­мандар үчүн жагымдуу жаңылык эмес. Учурда “Элегия” тобу жаңы курам менен чыгууга камданып жаткан кези. Бул саныбызда сиздерди “Элегия” тобунун ырчысы Жибек Шадыканова менен тааныштырабыз.

Шадыканова Жибек 1991-жылы 24-августта Ош шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда менчик мектептин 11-классынын окуу­чусу. Музыкадан сырткары адабий китептерди окуганды жакшы көрөт.

Жибек, алгач “Элегия” тобуна келип калгандыгың тууралуу айта кетсең?
– Өзүм ырдаганды кичинекей кезимден эле жакшы көрөм. Кийин ОшМУнун музыкалык бөлүмүндө вокалдан сабак алып жатканымда “Элегия” тобунун жетекчиси Ибрагим агай менен таанышып калдым. Ошол убакта топтогу кыздардын бири өз эрки менен топтон кетсе, экинчи солисткасы турмушка чыгып кеткен эле. Ал кезде топко жаңы кыздардын кабыл алынып жатканын деле билген эмесмин. Бирок, Ибрагим агай менин ырдаганымды угуп, топто ырдоону сунуш кылган.
– Топтун курамына сенден башка да солистка алынабы?
– Албетте, алынат. Бир ырчы менен топ түзүү мүм­күн эмес. Азыр жакшы ырдаган солистка издөө­дөбүз.
– Ибрагим агай Жо­горку Кеңешке депутат болгондон кийин да топту өзү жетектеп келатабы?
– Чынында эле учурда Ибрагим агай топту жетектегенге убактысы да жок. Учурда топ Равшан Момунов деген байкенин колунда. Ибрагим агай үстүртөн эле карайт.
– Мурунку “Элегия” тобунун репертуарындагы ырларды эми сенин үнүң менен угуп калат турбайбызбы?
– Ошондой десем да болот. Мен топтун хит болгон ырларынын кээбирин гана кайрадан жаздырдым. Бирок, азырынча өз аткаруумдагы жаңы ыр жаздыра элекмин. Буга себеп – менин окуум. Учурда мамлекеттик экзамендерге даярданып жатам. Мен үчүн азыр окуу биринчи орунда турат.
– Демек, жакшы окуган окуучулардын катарына кирет турбайсыңбы?
– Ооба, сабактарымды жалаң “4” жана “5” деген бааларга окуйм.
– Мектепти аяктаган соң музыкалык тармактагы окуу жайга тапшырасыңбы?
– Азыр ушул суроого жоопту ойлонуп жүргөн кезим. Өзүм музыкалык тармакта эмес, башка кесиптин ээси болууну каалап жатам. Бирок, акыркы чечимди жайкы эс алуудан кийин чыгарам го.
– Эми үйбүлөң тууралуу сөз кыла кетсең?
– Апам Ноокаттан, атам Таластан болот. Үйбүлөбүз менен Ош шаарында жашайбыз. Менден кийин иним бар. Апам Оштогу бир ресторанда администратор. Атамдын жеке бизнеси бар.
– Бош убактыңда эмне менен алек болосуң?
– Бош убактым деле болбойт. Эртеден-кечке китеп окуп эле отурам. Дем алыш күндөрү апама үй жумуштарына жардам берем.
– Үй жумуштарына тыңсыңбы?
– Өзүмдү мактагым келбейт. Башка кыздардай эле үй жыйнайм, тамак жасайм, идиш жууйм, короо шыпырам. Бирок, пол жууганды жаман көрөм.
– Өзүңдөгү жакшы жана жаман сапаттар?
– Үйдө, мектепте, деги кайсы жерде болбосун кылып жаткан ишимди жоопкерчилик менен так аткарганды жакшы көрөм. Ал эми жаман жагым – өзүм­чүлмүн.
– Болочоктогу жигитиңди кандай элестетесиң?
– Азыр жигит күткөнгө убактым жок. Бирок, келечекте жигитим акылдуу, жөнөкөй, өзүн карай билген, анан аз да болсо сулуу жигит болсо дейм.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 289, 16-22-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан