Саналуу куудул айымдардын катарын толуктап келаткан Назира Жетигенова быйыл 24-апрелде мүчөл жашка, башкача айтканда, 36 жашка толот. Туулган күнүнүн урматына Назира 2-3-апрель күндөрү Спорт Ордосунда күйөрмандарынын башын кошуп, концерт бермекчи. Концерттин эң кызыктуу жери бар. Сахнада Алина Жетигенова баштаган төрт бир тууганы, апасы да ырдайт. Бул эле эмес, куудулдун жашоодогу эң жакын тогуз курбусу чыгып алып үн созушмакчы.