20-21-март күндөрү «Тамашоу» долбоорунан түзүлгөн курама команда Алматыда өткөн Казакстан КВНинин ачык лигасында жана Казакстан КВНинин Евразиялык супер лигасында ойноп келишти. Катышуу идеясы долбоордун негиздөөчү Эрмек Нурбаев менен редактору Арслан Ибрагимовго таандык. Биздин тамашакөй балдар боордошторубузду боору эзилгенче күлдүрүп тим болбостон, чейрек финалга катышууга жолдомо алып келишти.
Бул тууралуу Казакстандагы КВНдин Евразиялык супер лигасынын президенти, калыстардын мүчөсү Сейитов Совет: ”Кыргызстандан келген командада тамаша, синхрон, үн, бий, баары бар экен, азаматтар! Биз силерди 7-майда боло турган чейрек финалда көргүбүз келет”,- деп айткан. Бул иш «Тамашоунун» Кыргызстандан тышкары аймакта жетишкен алгачкы ийгилиги. «Буюрса, КВН боюнча Москва, Сочини багындырабыз»,- дейт Эрмек Нурбаев.