«Жазда сүйүүлөр ойгонот» деген ушул. Нукура кыргыз балабыз Добр кара терилүү кызга үйлөндү. Буга чейин сүйүү сезимдерин жашырып жүргөн ырчы көпчүлүккө жарыялап отурбай эле жакын туугандарын чогултуп, заманбап той өткөрүптүр. Бизге маалым болгондой, Добрдун жубайынын аты Гүлмира экен. Кара терилүү кыздын аты Гүлмира экенине таң калып жатасызбы? Анткени Добрдун кайнатасы кыргыз, кайненеси африкалык. Ал эми үйлөнүү-үлпөтү кандай өткөнү туурасында гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.