ЭлТР коомдук телеканалынын «60 мүнөт» долбоору чоң өзгөрүүлөргө туш болду. Тактап айтканда, ырчы-чоорчу, актёр, журналист, дегеле эл кызматында жүргөн инсандардын күйөрмандары алар менен түз эфирде жолугушуп, көңүлдөрдү кытыгылаган суроолорго жооп ала алышат. Аны менен бирге түз эфирде кызыктуу оюндар ойнотулат. Долбоордун жетекчиси жана алпаруучусу Максат Доврановдун айтымында, мындай иштер Ош-Бишкек телекөпүрөсү аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Мындай жагымдуу жаңылыктын алгачкы эфирине көрөрмандар 26-мартта күбө болушат.
Эскерте кетсек, “Супер-Инфо” гезитинин кызматкерлери 2-апрелде “60 мүнөткө” конок болушат. Урматтуу окурман, бул күнү өзүңүздү кызыктырган суроолорго түз эфир аркылуу жооп ала аласыз.