Кыргызстандагы басма сөз каражаттарын колдоо максатында «ММКны колдоо борбору» фонду, "Журналисттер" коомдук бирикмеси жана КРдагы Медиа Өкүлчүлүк Институту тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү Улуттук гезит сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамы менен "Супер-Инфо" гезити сыйланды.
Улуттук гезит сыйлыгы Кыргызстандагы басылмалардын редакцияларына арналган. Анын максаты – республикадагы басма сөз каражаттары арасында чоң жетишкендиктерди белгилөө. 2008-жылдан тартып жыл сайын тапшырыла турган Улуттук гезит сыйлыгы мамлекеттик эмес уюмдардын жетекчилеринен, коммерциялык жана мамлекеттик структуралардан, каржылык демөөрчүлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн Эксперттик Кеңештин чечими менен 14-майда өзүнүн алгачкы ээлерин тапты: "Весть" жана "Агым" гезиттерине дипломдор тапшырылып, "Жылдын өсүүсү" деп "АВТОгид" жана "Жылдын башаты" болуп "De-facto" гезиттери сыйланды.
Ал эми 2007-жылдын мыкты басылмасы аталып, "Жылдын нускасы" сыйлыгы менен жумалык эң көп нускалуу жана Кыргызстанда эң көп окурман аудиториясын камтыганы; коомчулукка белгилүүлүгү жана окурмандар арасында популярдуулугу; мыкты бренд түзүп, 2007-жылы окурман аудиториясын эбегейсиз көбөйткөнү үчүн "Супер-Инфо" гезити сыйланды.
"Атайын Кыргызстандагы басылмалар үчүн багытталган Улуттук гезит сыйлыгы өлкөдөгү эң мыкты аныктоого жардам берет,- дейт «ММК колдоо борбору» фондунун башкы мүдүрү Андрей Миясаров,- "Супер-Инфо" гезити маалымат рыногуна келгенине 5 гана жыл болсо да нускасын дээрлик 80 миңге жеткирип, муну менен Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу кыргызча гезит деп аталууга үлгүрдү".
"Супер-Инфо" гезитинин ээси Кылычбек Султанов мындай сыйлыкка ээ болуу – өтө чоң сыймык жана жоопкерчилик экенин билдирди. "Бизге ушундай ишеним көрсөткөндүгүңүз үчүн ыраазычылык билдирип, башка гезиттерге да ушундай ийгиликке жетүүнү каалайм",- деди ал.