Америкага кеткен Каныкей менен Бактыгүл Бадыева 17-мартта Нооруз майрамына карата АКШнын борбору Вашингтондо уюшулган концертке катышышты. Америка конгрессинин китепканасында өткөрүлгөн концерт 10 өлкөнүн элчилиги алдында уюштурулган. Билсеңиздер керек, Каныкей буга чейин «океандын ары жагына окууга кетем» деген эле. Акыркы учурда Бактыгүлдүн да бир буту Кыргызстанда болсо, экинчи буту АКШда. Ошондон улам эки сулуу кыргыздарга америкалыктардан күйөө бала таап бербесе эле болду деп ойлоп жибердик.