Орусиядагы популярдуу “Минута славы” телеберүүсүндө кыргыздардын атын чыгарып келген бийчи Атай Өмүрзаковду 29-март күнү президентибиз Курманбек Бакиев кабыл алды. Таланттуу бийчиге президент мындан ары материалдык жактан колдоо көрсөтүүнү убада кылып гана тим болбостон, баш калаадан 2 бөлмөлүү үй белек кыла турганын айтты. Атайдын кубанычы коюнуна батпай, жакын арада боло турган ачкыч тапшыруу аземин чыдамсыздык менен күтүүдө.