Гезитибиздин өткөн санында рэп ырчы Добр кара терилүү Гүлмира аттуу кызга үйлөнгөнү тууралуу жазган элек. Бул жаңылыкка ишенгендин баары 1-апрель - Күлкү күнүнө карата уюштурулган тамаша торго түшүштү.
«Media-Star» студиясы даярдаган тамаша тордо ырчы кара терилүү кызга үйлөнгөн эле. Тамаша толугу менен ЭлТР телеканалында көрсөтүлдү. Кызыгы, Добрдун тааныштары ишенип алышып, телефон чалып сурай берип тажатышкан. Ырчы кээ бирине “ооба, үйлөндүм” деп жооп берсе, кээ бирине тамаша экенин айткан. Телефон чалуулар улана бергенде акыры өчүрүп салып кутулуптур.