Мирбек Иманбеков: “КОНЦЕРТИМДЕ СУЛТАН, АКБАР, ЧЫҢГЫЗ, ТӨРТӨӨБҮЗ КВАРТЕТ ЫРДАП ЧЫГАБЫЗ”

– Мирбек, жеке концертиңди эртелеп берүүгө камынууңа эмне себеп болду?
– Өзүмдүн чыгармачылыкка болгон жөндөмүмдү, күчүмдү сынап көрөйүн дедим. Бул менин алгачкы тушоо кесүү концертим. Ата-эне баласы каз-каз туруп калган мезгилде тушоосун кесет эмеспи. Анын сыңарындай, буга чейин чыгармачылыкта мен каз-каз баскан бала катары келсем, эми тушоомду кесип, жөлөк-таягы жок кетишиме убакыт жетти го дейм.
“Таластык кыз”деген ырымдын атынан аталган бул концертим сахналаш досторум менен биргеликте өтөт. Анткени, ар бир ырчынын сахна табыштырган, сахна достоштурган жакын курбу-достору болот да. Жеке концерт берип атам деп эле жалгыз сахнада обон созо берсем эл деле тажап кетпейби. Ошондуктан, сахнада мени досторум, кесиптештерим колдомокчу.
Мирбек, элге эки-үч ыр аркылуу таанылуу менен эле жеке концерт берүүгө мүмкүнбү?
– Жүз ыр ырдап элдин жүрөгүнө жете албай койгондон көрө бир ырың менен элдин көңүлүн­дө калганың жакшы го дейм. Ырдын санында эмес, сапатында, уккулуктуулугунда. Учурда бир альбомум жарык көрүүгө даяр болуп калды. Кудай буюрса, күйөр­мандарым концертимде жаңы ырларыма күбө боло алышат.
Популярдуулугуң өзүңө канчалык деңгээлде сезилип жатат?
– Азырынча популярдуулукка жетиштим деп ойлобойм. Себеби, мен жаңыдан таанылып чыгып келаткан жаш ырчымын. Азыркы учурду сахна босогосун жаңы аттаган мезгилим десем болот. Популярдуу болуш үчүн дагы далай эмгек талап кылынат. Андыктан, азыр чыгармачылыкка катуу киришип жатам.
Продюсериң бар үчүн концерт уюштуруу жагынан көп кыйналбасаң керек?
– Албетте, продюсер таянган аска-зооң болуп калат экен. Учурдан пайдаланып продюсерим Асыл эжеге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Чындыгында концерт уюштуруунун кыйынчылыгы мага негедир сезилген жок. Болгону менде толкундануу, жүрөксүү пайда болуп, моралдык жактан түйшөлүп жатканымды жашырбайм.
– Концертиң башка ырчылардыкынан эмнеси менен айырмаланат?
– Досторум Султан, Акбар, Чыңгыз төртөөбүз квартет ырдап чыкканы турабыз. Ошондой эле күйөрмандарыма менин чыгыш стилине басып жасаганым белгилүүдүр. Ошол өзгөчөлүк байкалаар дейм. Дагы айта кетчү нерсе, концерт алдында жарыя­ланып илинген афишаларымды айрып кеткендери көңүлдү оорутуп жатат. Афишалар илинген күнү продюсерим менен кетип баратсак, төрт кыз афишаны сыйрып алып жаткандарына күбө болдук. Мындай көрүнүштү башка жактардан да кездештирдик. Сүрөтүңдү айрып жаткандарына өзүңдүн көзүң түшүп калса жаман экен. Көрбөсөм эч нерсе болмок эмесмин. Эгер кыздарга сүрөтүм абдан керек болуп атса, концертке келсе алар менен сүрөткө бирге түшүп берет элем. Ага болбосо, концерт бүткөндөн кийин деле афишаларды жулуп кетишсе болот эле го. Билбейм, негедир ушул көрүнүшкө жүрө­гүм ачышып кетти.

Маектешкен Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 189, 16-22-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан