“Жаш кыял” элдик бий ансамбли Кабардин-Балкар Республикасында өтүүчү «Эльбрус-Алтын майдан» аттуу эл аралык сынакка бара тургандыгы жөнүндө гезитибизге жазган элек.
«Жаш кыял» сынакка катышып келди. Жөн гана катышып келбестен, жеңиш менен кайтышты. Сынакта этникалык бий боюнча “Эң мыкты бий тобу” деген наамды алып, Ардак грамота, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Кошумчалай кетсек, эл аралык сынакка КМШдан 6 өлкө, Орусиянын 12 аймагынан өкүлдөр катышкан. Сынак бир гана бий боюнча эмес, вокал, фольклор, улуттук аспаптар боюнча да өткөн.