"Микаэлдин өлүмүнө шектүү жаран аныкталыптыр. Ал өзүнүн эле жакын досторунун бири экен" деген имиштер ырчылардын арасында жайылып кеткен эле. Мына ушундан улам маркумдун өлүмү иликтенип жаткан Свердлов РИИБинин кызматкерлерине кайрылдык. Алар өлкөдө болуп өткөн коогалаңга байланыштуу кылмыш иши эми гана иликтене баштаганын билдиришти.