27-28-апрелде «Тамашоунун» жазгы фестивалы болуп өттү. Анда «Мыкты тамаша» наамын «IUK», «KG 77» командалары алышса, «Мыкты оюнчу» наамына Жаныш («Ак кеме») жана «Юристтерден» Нургазы татыды. Ал эми «Мыкты команда» наамына «Жигиттер», «Ак- Өргө city», «No name» командалары ээ болушту. «No name» (ОшТУ) командасынын бул сапары, көрсө, 5-жолку экен. Алыс жолдон сапар тартып келген жигиттер үмүттүн шооласы үзүлбөйт болуп, акыры «Тамашоу» лигасынын жазгы фестивалында Бишкек шаарын багынтып отурушат.