“Жаз келип, сулууларды көрүп башым айланып турат” деп тамашалай сөз баштаган Сапар Эркебаев ырчылыктан сырткары иш баштаганы турат. «Кудай буюрса, ушул баштаган ишим оңунан чыкса эле үйлөнөт элем. Ансыз деле ата-энем «балам, үйлөн» деп айтып жатышат»,- дейт ырчы. Сыягы, сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп Сапардын жубай болчу жарын тандай албай айласы кетип жаткан учуру бейм.