Сыймык Бейшекеевдин «баласы», «Айганыштын» агасы Аваз Акимов жең түрүп чыгармачылыкка катуу киришти. Дегеним, бир канча таланттарга продюсерлик кылган Канат Кадыржан менен иштеше баштады. Сыймык Бейшекеевге 11 жашында келип «ата» деп жүргөн балакай Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктоо алдында турат. «Сыймык өзү ырчы болсо баласын өзү эле таптай бербейби. Эмне, баш тарттыбы?» деп бүшүркөгөн ойдо калбаңыз. Сыймык мырза уулун өз уруксаты менен эле Канатка тапшырып, материалдык жактан каржылоого сөз берди.