26-апрелде Ош улуттук драма театрында «ОшМУ периси-2010» сулуулар сынагы болуп өттү. 6 тур менен өткөрүлгөн сынакка 12 пери катышты. Медицина колледжинин студенти Аманбекова Бермет «ОшМУ периси-2010» наамын жеңип алды. Мындан сырткары «ОшМУнун Акылкарачачы», «Таланттуу периси», «Ажарлуу периси» аттуу наамдар боюнча да ат салышуу болду. Баш байгени жеңип алган Берметке Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана түстүү телевизор тапшырылды.
Ал эми «Супер-Инфо» уюштурган «Супердин сулуусу» сынагы жакынкы күндөрдө кайрадан старт алат. Экзотикалык өлкөгө барып эс алгысы келген, өзүнө ишенген ай чырайлуу сулууларды редакциядан күтөбүз.