«Уулубуз Нурэлдин тили «ата» деп чыкты» деп сүйүнүп жүргөн Неля Түркияда май айында өтүүчү түрк тилдүү элдердин сынак-фестивалына катышууга даярданууда. Неляга Кыргыз-Түрк Манас университетинен сунуш түшкөн. Фестивалда аткарылчу Нелянын репертуарындагы «Махабат ырын» түрк ырчысы Булент Намал түрк тилине которгон. Биз да Неля айымдын сынактан жеңиш менен кайтышын тилейбиз.