Өзгөчө кыймылдары менен көпчүлүктү таң калтырган бийчи Атай Өмүрзаков Орусиянын Биринчи каналынын “Минута славы” телеберүүсүндө алдыңкы ондукка чыкканын кабардар кылган элек. “Азаттык” радиосунун берген маалыматы боюнча биздин жигит биринчиликке жетпесе да, экинчи орунду ээлептир, азамат! Өлкөбүздүн атын чыгарган Атайдай уулдарыбыз дайыма бар болсун демекчибиз. Эскерте кетсек, Атай Өмүрзаков экс-президент Курманбек Бакиевдин кабылдоосунда болуп, эки бөлмөлүү үй берилмек. Эми жеңиш менен кайткан бийчи балага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү көңүл бурар деген үмүттөбүз.