Кыргыздын сулуу кыздарынын ай чырайын даңазалоо үчүн «Супер-Инфо» гезити жыл сайын «Супердин сулуусу» сынагын өткөрүп келет. Аз убакыттан кийин «Супердин сулуусу-2010» сынагы старт алганы турат.
Сизде кимди болбосун карек токтотуп карата алчу өң-келбет барбы? Боюңуз 165 сантиметрден жогору жана бойдок болсоңуз, редакцияга тулку боюңуз менен түшкөн сүрөтүңүздү алып келиңиз. Кыштын кыраан чилдесинде ысык өлкөлөрдүн бирине барып эс алуу, балким, сиздин маңдайыңызга жазылгандыр.
Эскерте кетсек, «Супердин сулуусу-2007нин» жеңүүчүсү Айгерим Түркияда, 2008-жылдын сулуусу Чинара Малайзияда, 2009-жылдагы баш байгенин ээлери Жамиля менен Бегайым Мисирде эс алышкан. Сулуулар, чамдаңыздар, силер үчүн биздин сынактын эшиги дайым ачык!