Айтылуу ырчы Актан Исабаевдин кичүү кызы Арнел 16-апрелде бир жашка чыкты. Ырчы кызынын тушоосун кесмекчи болгон. Бирок апрель окуясынан кийин эл өзүнө келе албай жатканын эске алып, бул жакшы жөрөлгөнү өткөрүүнү артка жылдырды. Жакынкы аралыкта Бишкектин четиндеги Байтик айылына барып, ага-туугандарынан кызына бата алууну тилек кылууда. Байтик айылында Актандын чоң тамы бар, ошондуктан той ошол жерде өтөт. Ал үйдө эч ким жашабаганы менен, ырчы ишемби жана жекшемби күндөрү үй-бүлөсү менен барып эс алып турат.