“СУПЕР-ИНФО” ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ГЕЗИТТИК “ОСКАРДЫН” ЭЭСИ

30-апрель күнү баш калаабыздагы мамлекеттик тарых музейинде «Улуттук гезит» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул азем буга чейин жөн гана «Улуттук гезит» сыйлыгы аталып келсе, эми Андрей Минигатович Миясаровдун ысмын алды. «ММКларды колдоо борбору» фондунун мурдагы башкы директору Андрей Миясаров кыргыз басылмаларынын өнүгүшүнө чоң салым кошкону жалпыбызга маалым. Элүү жаш курагында күтүүсүз дүйнө салган бул инсан «Улуттук гезит» сыйлыгын уюштурууда негизги демилгечи болчу.
Жыл сайын Кыргызстандагы гезиттердин ийгилик жыйынтыгын чыгарган бул сыйлыкта «Жылдын нускасы» наамына катарынан үчүнчү ирет «Супер-Инфо» гезити татыды. Ошентип, урматтуу окурман, сиздин сүйүктүү гезитиңиз Кыргызстандагы №1-басылма экендигин дагы бир ирет далилдей алды. Мындай кубанычын тең бөлүшүү менен «Супер-Инфо» гезити ар бир окурманына, жалпы кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, ден соолук жана бакубат жашоо каалайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан