Урматтуу окурмандар, сиз сүйүп окуган “Супер-Инфо” гезити жакшы бир саамалыкты ишке ашырууга бел байлады. 29-30-майда гезиттин 8 жылдыгына карата "Супер-Инфонун" кубогу" үчүн футбол боюнча мелдеш өтмөкчү. Ага катышуу тилегин “Улуттук биринчи канал” курама командасы, “MegaCom” уюлдук операторунун курама командасы, сахна жылдыздарынан түзүлгөн “Шоу-бизнес” курама командасы, “Спорт жылдыздары” курама командасы, “Тамашоу” лигасынын курама командасы жана редакциябыздын кызматкерлери менен www.super.kg сайтынын колдонуучуларынан түзүлгөн “Супер-Инфо” курама командасы билдиришти. Учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Мелдеш жана анын катышуучулары тууралуу кенен маалыматтар менен кийинки сандарыбызда тааныштырмакчыбыз. Айта кетчү нерсе, мелдештин урааны – “Кыргызстандын жаштары биримдик жана сергек жашоо үчүн!”