Шоу-бизнесте акыркы мезгилде ысымына өзгөчө лакап аттарды улап алгандар көбөйдү. Алардын катарында «насип кылып сахнадан өз ордумду тапсам экен» деген ниетте жүргөн Нурлан Насип да бар. Жаңыдан сахнаны аттаары менен “Унуталбайм”, “Жаным” деген ырларына клип тарттырганга үлгүргөн бул жигит эми «Миң Кыял FM» радиосуна ди-джей болуп, шоу-программа алпарганга өттү. “Эгер билсең, жүрөгүмдүн ээси сен...” деп сыздаган балакайды күйөрмандары эми ди-джей катары да тааный башташты.