ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ҮНӨМДӨБӨСӨК, КЫШТА КАРАҢГЫДА КАЛАБЫЗ

Тынып-тынчыбаган алакандай кыргызга табият да таарынганбы, айтор, быйыл кыш өзгөчө каарын салды. Жыл ичинде пай­­­-далануучу электр энергиясын кыш бою пайдаланып алып, эми жападан жалгыз суу сактагычыбызда суу жок, карайлап жаткан кезибиз. Айла кеткенде электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү амалына такалдык. Мындай айланы колдонуу менен утабызбы же уттурабызбы? Бул маселе тууралуу “Түндүкэлектронун” кызматкери жана эл өкүлүнүн кебине көңүл буруңуз...

“БИЗ ЖАШАГАН ҮЙДӨ ЖАРЫК ӨЧПӨЙТ”
Жарыкты өчүрүү дагы канчага дейре уланаарын билмекчи болуп алгач биз көп жылдар бою гидроэнергетика тармагында иштеп келген ЖКнын жылуулук-энергетика комплекси жана жер алдындагы байлыктарды пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Акбаралы Кабаевге кайрылдык.
– Акбаралы Саринжиевич, суу сактагычта суунун көлөмү мынчалык азайган учур мурун болду беле?
– Мен 70-жылдардан бери гидроэнергетика тармагында иштеп келе жатам. Ошончо жылдан бери Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мынчалык азайып кеткендигин көрбөгөм. Азыр суу сактагычта иштеп жаткандар менен байланышып, суунун көлөмү 6 миллиард 800 миң кубдан ашып калганын уктук. Мамлекетибиз келерки кышта электр энергиясына мукурабай чыгыш үчүн Токтогул суу сактагычында жок эле дегенде 12 миллиард куб суу топтолуш керек. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин башына түшүп турган мындай кыйынчылык кошуна өзбектер менен тажиктердин да үрөйүн учуруп турган кези.
– Мындай маселени жарыкты маал-маалы менен өчүрүүдөн бөлөк жол менен чечүүгө мүмкүнбү?
– Илгертеден суу кенен болуп, сууну да, электр энергиясын да сарамжал пайдаланбаганыбыздын кесепети эми оркоюп чыгып жатат. Албетте, маселени электр энергиясын өчүрүү жолу аркылуу чече албайбыз. Бул эми айла кеткендеги амал. Электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам дүкөндөрдө, базарларда түрдүү ыңгайсыздыктар жаралып, экономикага зыян келип жатканы анык. Сууну үнөмдөбөй коюп, кышта сууктан жабыр тарткандан көрө азыр тартып жаткан чыгымдар бир кыйла жеңил.
Азыр орусиялык, кытайлык, түркиялык инвесторлор Кыргызстанда кичи ГЭСтерди куруу иштерине кызыкдар болушуп, айрым жерлерде курулуш иштери башталууда. Ушул иштер жолго коюлуп кетсе, Токтогул суу сактагычына бир топ жеңилдиктер келтирилмек.
– Кечиресиз, сиз жашаган үйдө да жарык өчөбү?
– Ха-ха-ха!.. Бул кандай суроо болду? Мен Токтогул көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишиндеги үйлөрдүн биринде жашайм. Кышында эки ирет электриктер линияны оңдогондо свет өчкөнү эсимде. Андан бери биздин үйдө жарык өчө элек.
– Бишкектин башка райондорунда күндүзгү саат 1ден 6га чейин, түнкүсүн саат 12ден таңкы 6га чейин жарык өчүрүлүп жатканын билесизби?
– Ооба. Кезек-кезеги менен шаардын райондорунда жарык өчүрүлүп жаткандыгын жакшы билем. Биз жашаган үйдө жарык өчпөйт дегенимди башкача түшүнбөгүлө. Өзгөчө мамлекеттик мааниси бар мекемелерде электр энергиясын өчүрүүгө болбойт. Биздин үй ошондой объектилер менен бир линияга бириктирилгени үчүн жарык өчпөй жатса керек.

“СУУНУ ҮНӨМДӨӨДӨН БӨЛӨК АРГАБЫЗ ЖОК”
Ушул эле маселенин негизинде “Түндүкэлектро” ААКсынын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Мураталиевага кайрылдык.
– Гуля Жолдошевна, жарыктын өчүрүлүшү качан токтотулаарынан кабарыңыз барбы?
– Башкалаада электр энергиясын өчүрүү үстүбүздөгү жылдын 10-мартынан бери жүргүзүлүүдө. Токтогул суу сактагычына жетишээрлик деңгээлде суу топтолгуча жарыкты өчүрүү токтотулбасы анык.
– Ошол жетишээрлик деңгээлдеги суу качан чогулуп бүтүшү мүмкүн?
– Электр энергиясын канчалык үнөмдүү пайдалансак, ошончолук тезирээк чогулат. Келерки жылы кыш быйылкыдай оор болсо, азыркы суунун запасы менен керектүү деңгээлде электр энергиясынын запасы жок, кыштан чыга албай, Тажикстандын кейпин кийип калышыбыз мүмкүн. Жакшысы, азыраак кыйынчылыктарга чыдап, кыш чилдесине камды азыртадан көрүп алганыбыз жакшы.
– Жарык кандай тартипте өчүрүлүүдө?
– Электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит бизге энергетика министрлигинен берилет. Лимитке жараша “Түндүкэлектро” камсыз кылган Чүй, Талас облустарына жана Бишкек шаарына электр энергиясын бөлүштүрөбүз.
– Жарыкты өчүрүү жалпы аймактарда бирдей жүргүзүлөбү?
– Жок. Биринчи категориядагы керектөөчүлөр орун алган объектилерди өчүрбөйбүз. Мисалы, ооруканалар, суу насос станциялары. Муну менен катар өзгөчө стратегиялык мааниси бар жайлар, алсак, өкмөт үйү, УТРК, министрликтерде электр энергиясын өчүрүүгө болбойт.
– Электр энергиясынын өчүп, күйө бергенинен улам калктын тиричилигине зыян келтирилүүдө. Соода түйүндөрүндөгү ири муздаткычтар же дагы ушул сыяктуу электр энергиясы менен иштеген буюмдар жарактан чыгып жаткандыгын айтып даттангандар көп болууда. Силердин ишкана мындай учурда чыгым төлөп береби?
– Эгер муздаткыч, сыналгы өңдүү буюмдар мыйзамдуу жол менен сатылган, лицензиясы бар буюмдар болсо, жарыктын өчүп, күйүшүнөн аларга зыян келиши мүмкүн эмес. Алар кадимкидей өчүп, күйүп иштей берет. Ал эми буюм эл аралык стандартка жооп бербеген сапатсыз болсо, ал чыңалууну көтөрө албай иштен чыгат. Юстиция министрлигинде Соттук экспертиза борбору бар. Эгер ушул борбордо сапаттуу буюмдун электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам жарактан чыкканы далилденсе, анда “Түндүкэлектро” келтирилген чыгымды төлөп бериши мүмкүн.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан