Ди-джей Замир Казакбаев жеке ишкер достору менен биргеликте 100 000 сом топтогон. Чогулган акча Маевка айылындагы окуядан соң үйү өрттөнүп, жолдошу каза болгон аялга, эки бутунан ажырап ооруканада дарыланып жаткан милиция кызматкерине жана аянтта окко учкан сын-таштык жигиттин үй-бүлөсүнө жардам катары бөлүнүп берилди.