Назик үндүү ырчы айым Айжамал Кабылова жолдошу Азаматты сүйүнтүп, кызы Жыпарды инилүү кылды. 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн наристесине Айжамал менен жолдошу Темирлан деген ат коюшту. Учурда эне-бала ден соолугу чың, Москвада.
Ал эми чукугандай сөз тапкан төкмө акын Аалы Туткучев 11-май күнү 3 килограмм 500 грамм салмак менен жарыкка келген уулдун атасы болду. “Уулум жазма акын апасын, төкмө акын атасын тартып акын болот окшойт, ыйлаганда дагы куюлуштуруп ыйлагансыйт”,- дейт кубанычы коюнуна батпаган төкмө акын. Аалынын апасы небересине Нурамин деген ысымды ыйгарды. Эмесе, биз да кичинекей Темирлан менен Нураминге кең келечек, бактылуу балалык каалап, бешик боолору бек болсун дейли.