ЦИРК ХАНБИЙКЕСИ

Окурмандарыбыздын суроолору боюнча орусиялык Биринчи каналда көрсөтүлүп жаткан жана учурдун популярдуу сериалдарынын бири болгон “Цирк ханбийкеси” сериалы тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

Режиссёру – Алла Плоткина
Сценарийин жазгандар – Юрий Каменецкий, Эжен Щедрин
Продюсерлери – Александр Левин, Дмитрий Шехватов, Дмитрий Белосохов
Башкы ролдордо: Валерия Ланская, Виталий Емашов
Ролдордо: Владимир Андреев, Анна Каменкова, Сергей Серов, Елена Гольянова, Сергей Жолобов, Михаил Коханов, Татьяна Лютаева, Артём Мазунов, Наталья Панова, Максим Радугин, Ирина Цывина, Евгения Чиркова, Иван Шабалтас, Екатерина Шпица, Василий Ракша, Дая Смирнова

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Кичинекей Самарск шаарына цирк труппасы гастролго келет. 18 жаштагы цирк жылдызы Ася дароо шаар тургундарынын көңүл борборун ээлеп, алардын ичинен өз күйөр­манда­рын таба алат. Күйөрмандарынын катарында Святослав жана Ярослав аттуу эгиздер да бар. Ярослав Асяга бир көргөндө ашык болуп, ага сүйүүсүн билдирет. Ася цирктеги шериктеши жана болочок жары боло турган Иванга болгон мамилеси сууй баштайт. Бирок, кызматынын шартына жараша Ярик тез арада Англияга кетет да, Светик агасынын ордуна Асяга келип, аны алдай баштайт. Эң кызыктуусу, Ася эгиздердин үйбүлөсүнө түздөн-түз байланышы бар. Ал 18 жыл мурун Романовдордун үйүндө төрөлүп, бирок, каардуу өгөй эненин кылмышы менен цирктеги карапайым аялга берилген эле.

МЕКСИКАЛЫК СЕРИАЛДЫН КӨЧҮРМӨСҮ
“Цирк ханбийкеси” 2005-жылы АКШнын жана Бразилиянын көмөгү менен Мексикада көрсөтүлгөн “Перегрина” сериалынын негизинде тартылган. Ал эми “Перегрина” өз кезегинде Венесуэлада тартылган “Кассандра” сериалына окшош. “Цирк ханбийкесинин” сценарийи, сюжеттик линияларынын бардыгы аталган мексикалык сериалдан алынган. Мексикалык “Перегрина” ийгиликтүү тасмалардын бири болуп, андагы башкаарман Перегринанын ролун аткарган белгисиз актриса Африка Савале тез аранын ичинде болуп көрбө­гөндөй популярдуулукка жеткен. Сериалдын батыштагы ийгилигин байкаган орусиялык “Телевиза” компания­сы ушул эле окуяны орусчалатып тартуу укугун сатып алган. Мексикалык сериалдан бир гана айырмасы – сериялардын 2 эсе көптүгү.

УЧУРДУН ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ ДОЛБООРУ
“Цирк ханбийкеси” экранга жаңыдан чыга баштаган убакта атактуу “Эки гүлдүн талашы”, “Громовдор” сериалдары да жүрүп жаткан. Мындан сырткары, ортодо “Баарыбир сү­йөм…”, “Апостол” деген сериалдар да көр­сө­түлдү. Ушундай атаандаштарына карабастан “Цирк ханбийкеси” учурдагы эң популярдуу сериал болуп эсептелет. Статистика көр­сөт­көн­дөй, азыр Биринчи каналдын көрүү­чү­лө­рүнүн 88 пайызы “Ханбийкени” күтүп көрүшөт.
28-январдан бери көрсөтүлүп келаткан сериал 9 ай ичинде тартылып бүткөн. Атайын съём­­калар үчүн 180 орундуу цирк аренасын курууга туура келген. Себеби, бир да цирк имараты 9 айга ижарага берилген эмес.

СЕРИАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ МИСТИКАЛЫК ОКУЯЛАР
Тасмада башкаармандардын дублёрлору, профессионалдуу цирк гимнасттары Александра жана Алексей Артемьевдер да сценарийдеги окуяга кабылышкан. Тактап айтканда, сериалга тартылып жатканда Александра башка бирөөнү сүйүп калгандыгын билдирген. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, так эле Ася менен Иван ажырашкандай ажырашып кетишкен.
Сериалдагы сырдуу фибула – жөнөкөй дүкөнчөдөн сатылып келген баалуу зер буюму да сериалдын жаратуучуларын ойго салды. Ал буюм жөнөкөй реквизит катары колдонулса да сценарийде жазылгандай, сырдуу күчтөргө ээ болуп чыккан. Мисалы, фибуланы төшүнө таккан актёрлордун абалы дароо начарлап кетчү. Ал эми Раисанын ролундагы актриса Елена Гольянова фибуланы тагынаары менен эс учун жоготуп койгон. Дароо чакырылган доктурлар мунун себебин айта алышкан эмес. Качан бул реквизит тартуу учурунда колдонулса эле же жарык өчүп, же камералар иштебей калчу.

КААРМАНДАР
Дээрлик жарым жылдан бери күн сайын экрандан көрүп жүргөн актёрлор бизде да өз күйөрмандарын тапкандыр. Андыктан, башкаармандардын образдарын жараткан таланттуу актёрлор, алардын жеке жашоосу тууралуу да айта кетпесек болбос.
АСЯ – ЛЕРА ЛАНСКАЯ. Кино жана театр актрисасы Валерия Ланская 1987-жылы 2-январда туулган. Ал кичинекейинен муз үстүндө бийлөөгө кызыкчу. Апасы спорттун ушул түрү боюнча машыктыруучу болгондуктан, кызын да гимнастика жана муз үстүндөгү бийге үйрөткөн. Лера ар дайым спорт менен машыккандыктан, съёмкалар учурунда анча кыйналган жок. Алгач кастингге келгенде: “Шпагатка отура аласыңбы?” деп сурашкан. Лера тапшырманы оңой эле аткарып, башкы роль үчүн кабыл алынган.
Анын үстүнө актрисанын омурткасында залалсыз шишик бар болгондуктан, доктурлар ага ар дайым кыймылда болууну кеңеш кылышкан. Албетте, алгач тартуу учурунда актриса жаракат албай койгон жок. Цирктеги бир нече жанрды өздөштүрүп, фильмдеги трюктардын 80 пайызын өзү аткарган. Мындан сырткары, актриса сюжет боюнча гитарада ойноп, дагы бир талантын көрсөтө алды.
ЯРОСЛАВ ЖАНА СВЯТОСЛАВ – ВИТАЛИЙ ЕМАШОВ. 32 жаштагы актёр сериалда эки адамдын ролун аткарган. Кээде эки образды тең аткарууга туура келген күндөрү болгон. Кыялдары төп келбеген эки карама-каршы образ жаратуу балким, цирк номерлерин аткаруудан да кыйын болсо керек. Айта кетчү нерсе, актёр так съёмкалар башталаар алдында бутун сындырып алган да, алгачкы серияларда жалаң отурган абалында тартылган.
ЧПОК – АРТЁМ МАЗУНОВ. Артём Мазунов чыныгы жашоосунда да маскарапоз. Анын ВГИКтин цирк бөлүмүн бүтүр­гөн “Маскарапоз” деген диплому бар. Тасмада жоош, жөнөкөй каармандын ролун аткарган актёр жашоодо өтө шайыр жана тамашакөй. Бай болсо да жө­нөкөй актёр съёмкаларга кымбат машина менен келип, тартуу башталганда колундагы чоң шакегин чечип коёт имиш. Актёрго байланыштуу “Асянын ролундагы Лера экөө үйлөнүшөт” деген ушак сөздөр тараган эле. Бирок, эч кимиси бул сөздү тастыктаган эмес. “Бизди сүйүү байланыштырат,- деп айткан бул тууралуу Артём,- Ал – театрга болгон сүйүү”.
ИВАН – МАКСИМ РАДУГИН. Фильмде аба гимнастынын ролун аткарган 30 жаштагы актёр Максим Радугин жашоодо бийиктиктен абдан коркот экен. Цирктин төбөсүнө 25 метрлик бийиктикке көтөрүлгөн актёр сөзсүз дублёр алууну талап кылган. Кызыгы, актёр сериалдын съёмкалары бүтөөрү менен башка толук метраждуу тасмага тартылуу менен алек болуп, “Цирк ханбийкесинин” бир да сериясын көрө элек экен.
ГАЛИНА – ЛАРИСА БАРАНОВА. Өзүнүн талантын далилдей алган актриса Лариса Баранова сериалдагы терс каарман Галянын ролун аткарат. Адегенде Лариса бул ролду аткаруудан баш тарткан. Себеби, Валерия Ланская Ларисанын курсташы жана эң жакын курбусу экен. “Мен жакын курбум менен мамилемди бузуп аламбы деп корктум,- дейт актриса,- Себеби, ага жаман сөз айтып, артынан каргашым керек эле. Бирок, Лера мени түшүндү. Экөөбүз тасмада урушуп-урушуп алып, съёмкалар бүткөндө чогуу кетип калабыз”.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан