13-14-майда Бишкекте Санжар Бердибековдун концерти болмок. Тилекке каршы, куудул Санжардын ою ишке ашпады. Мунун себебин концерттин уюштуруучусу Баяке Чааров мындайча билдирди: «Өлкөдөгү, тагыраак айтканда, түштүктөгү кырдаалдан улам концертти токтоттук. Биз концерт берчү күнү Ош, Жалал-Абад аймактарында ок атылып митинг болуп, ызы-чуу башталды. Ошондон улам «азыр кимдин эле концертке көңүлү чапсын?» деген ойдо концерт жылдырылды».