ЭлТРдин «60 мүнөт» программасынын жетекчиси жана алпаруучусу Максатбек Доврановдун кесиби журналист эмес, модельер экенин билбесеңиз керек. Максатбек модельер-конструктор кесиби боюнча кызыл дипломдун да ээси. Окуусун бүткөн соң теледе алпаруучулукту аркалап калган Максатты Казакстандын мода тармагында иштеген тааныштары бирге иштешүүгө казак жергесине чакырышууда. Учурда алпаруучулукту же модельерликти тандай албай Максаттын башы катууда.