«Супер-Инфонун» тандоо жыйынтыгы боюнча «2008-жылдын мыкты ди-джейи» наамынын ээси Жаркынай Аманова «Кыргызстан Обондору» радиосунан «чет өлкөгө кетем» деп кеткен эле. Ди-джейликтен алыс кете албады көрүнөт, айтор, “Азаттык+” жаштар уктуруусунда алпаруучу болуп иштей баштады. Радиодон кастинг болорун угуп, тандоого катышып өтүп кеткен Жаркынай Аманова өзүн теледен да сынап, тагыраак айтканда, жакында эле “Азаттык+” жаштар берүүсүн алпарып көрдү.