«ВИА-ГРА» ТОБУНДАГЫ МЕСЕДА ПРОДЮСЕРИНЕ ТУРМУШКА ЧЫГАТ

Жакында эле «ВИА-Гра» тобунун солисткасы Меседа Багаудинова топтун продюсери Дмитрий Костюкка турмушка чыгууга камынып жатканы маалым болду. Болочок жубайлардын жакын мамилелери качантан бери уланып келе жатканы белгисиз. Бирок, бул убакыт аралыгында бири жылдыз болууга, бири үйбүлө очогун өчүрүп жубайы менен ажырашууга үлгүрүптүр. Учурда 43 жаштагы Дмитрий да бойдокчулук турмушка жаңыдан башбакканына карабай жакын арада 24 жаштагы сулуу кыз Меседага баш кошуунун камын көрүп жаткан убагы. Эске салсак, Дмитрий жаңыдан ажырашкан жубайы украиналык ырчы Евгения Власова менен да так ушундай шашылыш үйлөн­гөн эле. Эч кимге айтпастан туруп эң биринчи жубайы менен да ажырашып, Евгениянын колун кармаган болчу. Ал эми азыр продюсердин тааныштары: «Дмитрий бир күнү башка сулуу кыздын артынан кетип калса, сен ага таңкалба»,- деп Меседага эскертип жатышат. Ал эми Дмитрий азырынча бул тууралуу элге ачык айтуудан баш тартууда.

ТИМАТИНИН АСМАН ТИРЕГЕН ТҮНКҮ КЛУБУ
Орусиялык ырчы жигит Тимати учурда Москва шаарындагы белгилүү бир көк тиреген соода борборунун төбөсүнө түн­кү клуб салдырууда. Ырчынын айтымында, клубдун тезирээк ишке киргизилишин Москванын элиталык жаштары чыдамсыздык менен күтү­шүү­дө. Себеби, клубдун өзгө­чө орунда жайгашып, эч кандай жолтоосуз асман алдында көңүл ачууга жол ачып бергени көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. «Black Star Club» деп аталган бул клуб үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишке киргизилет жана асман алдындагы «оазисте» эс алууну каалагандардын бардыгын тейлей баштайт.

ЖЕССИКА АЛЬБА ТУРМУШКА ЧЫКТЫ
Учурда кошбойлуу атактуу актриса Жессика Альба турмуш жолуна аттанды. Жессиканын жолдошу Кэш Уоррен – анын төрөлө элек баласынын атасы жана бир топ жылдан бери иштешкен продюсери. Жубайлар дүйнөнү дүңгү­рөтө үлпөт той берүүдөн баш тартышып, жөн гана жакындарынын курчоосунда кадимки эле шаар тургундары баш кошкон нике каттоо үйүндө мыйзамдуу түрдө бири-бирине баш байлашты. Үйлөнүү күнү Кэш күндө кийип жүргөн ак түстөгү көйнөгү менен күрөң түстөгү шымчан жүрсө, Жессика чачын тыкан байлап алып, жөнөкөй көк көйнөкчөн жүргөн.

ЖИГУНОВ МЕНЕН ЗАВОРОТНЮК СҮЙЛӨШПӨЙ КАЛЫШТЫ
Орусия шоу-бизнесиндеги белгилүү актёр Сергей Жигунов менен атактуу «бала багуучу» Анастасия Заворотнюк бири-бири менен таптакыр сүйлөшпөй калышты. Мунун себеби азырынча ачыкка чыкпаса да алардын мамилелерине чекит коюлганы «Моя прекрасная няня-2» тасмасына тартылуу учурундагы экөөнүн мамилелеринен улам маалым болгон. Тасма аянтында актёрлор тобу менен чогуу жүргөн маалымат булагынын айтымында, Сергей азыр мурдагыдай ак көңүл эмес. Тасмалык топтогулардын баарын болбогон себептердин артынан кыйкыра урушуп, мүнөзү да өзгөрүп кеткен. Актёрдун мындай абалда жүр­гөнүнө толук эки жумадан ашык убакыт өттү. Ал эми Настя бул учурда мурдагыдай өзүн башкалардан корубай, өтө шаңдуу айымдардын катарына кошулган. Ал гана эмес, күйөр­манда­рынын «сү­рөт­кө тү­шүп алалы» деген сунуштарына да тезинен макулдугун берип, алар менен жакшы мамилесин улантууда.

ЭШЛИ СИМПСОН ЭМИ ҮЙБҮЛӨЛҮҮ
Атактуу ырчы Эшли Симпсон жана белгилүү музыкант Пит Вентц өткөн жуманын акыркы күнү баш кошуп, үлпөт той өткөрүштү. Бул жубайлар 2006-жылдан бери эле жакында үйлөнөө­рүн айтып келишкен эле. Көптөн күткөн үлпөт тойго бардыгы болуп 150 конок чакырылып, алардын теңинен кө­бүн дүйнө элине таанымал атактуу инсандар түзүш­көн. Ал эми 23 жаштагы ырчы Эшлинин жанында курбусу жана никеге катталуу учурундагы күбөсү катары өзүнүн эжеси актриса Жесика Симпсон болгон.

СОФИЯ РОТАРУНУН КАРЬЕРАСЫ АЯГЫНА ЧЫКТЫ
Ырчы София Ротару жакын арада сахнадан кетээрин кабарлады. Мунун башкы себебин ырчы сахнада карып кетүүнү каалабагандыгы менен түшүндүр­гөн. Бирок, анын жакындарынын билдирүүсү боюнча, Софиянын карьерасынан четтешине дагы бир себеп, астма оорусу болгон. Ырчы бул оору менен толук 20 жылдан бери күрөшүп келген. Бирок, акыры илдетке жеңилип берүүгө аргасыз болуп, ырдай албай калган. Эми София жеке ишкер катары иштей баштайт. Атап айтканда, Ялтадагы көркөм сүрөт салонунун жанына 12 номерлүү мейманкана салдырмакчы. Бул мейманканада сөзсүз түрдө караоке рестораны да болот экен.

МОНТСЕРРАТ КАБАЛЬЕНИН КЫЗЫ БАСКОВ ҮЧҮН АЖЫРАШТЫ
Дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Монтсеррат Кабальенин кызы Монтсеррат Марти жакында эле жолдошу менен ажырашып кеткени Николайдын күйөрмандары арасында шек жаратууда. Анткени, экөөнүн кайда барса да жакын дос катары ээрчишип жүргө­нү­нө көп эле болгон. Эң негизги шек, Николайдын расмий түрдө жубайы менен ажырашкандан кийин эле артынан Мартинин да өз башын бошотуп алганынан пайда болгон. Андан көп узабай эле ырчы эл алдына Мартини жетелеп чыга баштады. Алтургай бул жуптун көп жылдан бери бактылуу жубайлар катары чогуу эс алып жүргөндөрүнө күбө болгондор да бар. Учурда бойдок ырчы Николай Басковдун сүйгөн кыздары туурасында кеп кызууда.

ДИМА БИЛАН “ЕВРОВИДЕНИЕ” КОНКУРСУНУН ФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ
Кезектеги “Евровидение” конкурсунун 53-жолкусунда Орусиянын желегин желбиретүү үчүн кайрадан ырчы жигит Дима Билан аттанган эле. Үстүбүздөгү жуманын шейшемби күнү болуп өткөн конкурстун биринчи жарым финалы жыйынтыкталып, натыйжада Дима «Believe me»(“Мага ишен”) деген ыры менен конкурстун финалына катышууга жолдомо алды. Быйылкы жылы конкурста жылдагыга караганда катышуучулардын саны өтө көп болуп, 43 өлкөнүн өкүлдөрү биринчиликке ат салышууда. Ал эми конкурстун финалы 24-май күнү өткөрүлөт.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан