Комуздун коштоосунда да ырдаган Эмил Балтагулов учурда Чаткалда элди ынтымакка чакыруу максатында концерт коюп жүрөт. “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө” аттуу бул концертти куудул Дөөлөт Мадымаев, Эмилдин жубайы Гүлгүнай жана “Сезим” тобу коштоодо. Калкты ынтымакка, ыйманга, патриоттуулукка чакырган ырлар жаңырган чыгармачылык сапар май айынын аягында аяктаарын ырчы Эмил Балтагулов билдирди.