Имиджин бат-баттан өзгөртүп турган ырчы айым Айжан Газиева студия ачты. Бир топтон бери чогултуп жүргөн каражатын кирешелүү ишке сарптап, талантын ташкындатам деген жаштар үчүн студиясында вокалдан сабак бере баштады. Заманбап техникалар менен жабдылган студиядан сабак алгандар бир гана ырдоону үйрөнбөстөн, мыкты хореографтардан да сабак алышат.