«СУПЕРДИН» АТЫН ЖАМЫНГАНДАРГА АЛДАНБАҢЫЗ!

Акыркы күндөрү редакциябызга “Супер-Инфонун” атын жамынгандардан жапа чегип кайрылгандар болууда. Кайсы бир замандашыбыз “Супер-Инфонун” кабарчысымын. Силер тууралуу жакшы макала жазып, элге таанытам” деп баш калаадагы бир сулуулук салонунун кызматынан бекер пайдаланып кеткендиги билинди. Ал эми түштүктөн Бишкекти көздөй келе жаткан бир топ Чычкандагы ашканалардын бирине кирип, кылдан кыйкым таап, “Супердин кызматкерлерибиз. Тамагыңар начар экен, антиреклама кылабыз” деп опузалап отуруп, тамагын бекер ичип кетишкендигин билдик.
Ал эле эмес, биз менен иштешип жүргөн айрым авторлор кайсы бир саясатчы, ишмерге барып “гезитке жазып, мактап берем” деп сыртыбыздан акча өндүргөн учурлар да болууда. Андыктан жалпы окурман журтчулугуна кайрылууга аргасыз болдук.
Урматтуу окурмандар, эгер “Супер-Инфонун” атын жамынып, кандайдыр бир кызмат, колдоо көрсөтүүнү сунуштагандар болсо, сөзсүз түрдө ал адамдын күбөлүгүн талап кылыңыздар. Ошондой эле аты-жөнүн сурап, редакция менен байланышып, учурда гезитте иштээр-иштебесин тактап алыңыздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан