“КЕЛЕМИШ ДЕГЕН СӨЗДҮН АЙЫНАН ЭКИ КИШИНИ ӨЛТҮРДҮ”

Жаздын аптаптуу күндө­рүнүн биринде башталган отуруш кандуу окуя менен аяктады. Кызуулук менен айтылган бир ооз кептин айынан бала-чакалуу эки ки­ши каза таап, эрезеге жете элек балдар атасыз калышты. Окуя Бишкек шаарынын Свердлов районунда болгон.

Шашылыш чакырык
10-май күнү күндүзгү саат 15:30дар чамасында Свердлов райондук милициясынын күзөт бөлүмүнө шашылыш кабар келип түшөт. Телефон чалган аял аптыга үзүл-кесил сүйлөп жатып, үйүндө катарынан эки кишини өлтүрүп кетишкендигин кабарлаган.
Бир күн ичинде ачылган бул кылмыш иши тууралуу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Самат Курманкулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Шашылыш кабар келип түшөөрү менен РИИБдин жетекчиси баш болгон опертоп айтылган дарекке жөнөдүк. Окуя жер тамда болгон экен. Жашы кыркка келип калган киши көкүрөгүн колу менен мыжый чыга бериштеги тепкичте жатыптыр. Үй алдында көз жашын көлдөтүп бир абышка менен кемпир турат. Ичкери кирсек, төркү конок бөлмөдөгү креслодо отурган жеринде өлтүрүлгөн дагы бир киши бар болуп чыкты. Сыягы, кылмышкерге каршылык көрсөткөнгө деле үлгүрбөсө керек. Башы бир жагына кыйшайып, көкүрөгүнөн ылдый кан жайылып кеткен. Денеси муздап калыптыр.
Ошентип, катарынан өлтүрүлгөн эки маркумдун өлүмүнө байланыштуу иликтөө башталды. Тепкичти кучактай жыгылып каза тапкан адам ошол үйдүн ээси, 44 жаштагы Коля аттуу киши экен. Ал жубайы, бир уул, бир кызы менен, ата-энеси болсо башка көчөдө жашаарын билдик. Төркү бөлмөдөгү стол үстүндө арак куюлган рюмкалар, толук желбей калган колбаса, тамактын калдыгы бар болчу. Демек, каргаша болоордун алдында бул бөлмөдө, ушул столдо отуруп ичишкен. Каза тапкан үй ээсинин ата-энеси жашы сексенден өтүп калган кары кишилер экен. Аларга уулунун үйүндө чыр-чатак болуп жатканын Колянын үйбүлөсү менен жакшы катышып жүргөн кошунасы Валя аттуу кыз чалып айтканын билдик. Бул маалыматты уккан соң дароо ошол кызды таптык. Валядан көргөн-билгенин баштан-аяк айтып берүүсүн өтүндүк. Ал: "Кошунабыздын балдары күндүз сабакта болушат. Каргаша болгон күнү деле короодон аларды көргөн жокмун. Үй ичинен кишилердин үнү чыгып жаткандай болгон. Бир маалда кыйкырып, сөгүнгөн үндөр чыга баштады. Биздин үй менен алардын үйүнүн ортосун зым тор бөлүп турат. Андыктан, кошунанын үйү жакты карап, үй ээси менен бир киши мушташып жатканын көрдүм. Алар көпкө чейин кыйкырышып, мушташышты. Мен өз иштериме алаксып кетип, бир маалда тынчып калышканын байкадым. Көңүлүмө жаман ойлор келип, үй ээси Колянын атасынын үйүнө телефон чалдым. Алар бизден кийинки көчөдө жашашат. Көп өтпөй алар келип калышты. Алардан Коля менен бир кишини өлтүрүп кетишкенин уктум",- деп көрсөтмө берди. Валянын көрсөтмөсүн уккан соң Колянын ата-энеси менен да сүйлөштүк. Көрсө, алар кылмышкерди көрүшкөн экен.

Кудум кинодогудай
Каргашалуу окуянын бул бөлүгү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын айтымында, кудум боевик кинолордогудай. "Уулуңуздун үйүндө бирөөлөр мушташып жатышат" деген кепти угаары менен абышка-кемпир чалынып-чулунуп жетип келишет. Короодон киргенде эле тепкичте жаткан уулун көрүшөт. Өз канына бөлөнүп жаткан алардын уулу башынан жөлөп чыркырыган ата-энесинин үнүнөн көзүн ача бербейт. Карылуу кол менен сайылган бычак жүрөктү тепчип кеткенде эле жашоо менен кош айтышкан экен. Уулу киши колдуу болгонун түшүнгөн ата-эне эми баш көтөрүп, короодо колуна бычак кармаган чоочун кишинин жүргөнүн көрүшөт. "Эмне кылып койдуң? Уулум сага эмне жамандык кылды эле?"- деп ыйлап кирген кемпирге кебелбей туруп: "Мен бир эмес, эки кишини өлтүрүп салдым",- дейт. Анын кебин уккан чал-кемпир чуркап үйгө киришип, төркү бөлмөдөгү жансыз жаткан кишини көрүшөт. Ал киши Коля менен чогуу иштеген 36 жаштагы досу экенин таанышат. Аңгыча сыртта жүргөн чоочун киши Колянын чөнтөктөрүн тинтип, машинанын ачкычын алып, колундагы кан болгон бычакты жанына таштайт. Анан короодо токтоп турган "Фольксваген" машинасын айдап чыгып кетет. Көрсө, "Фольксваген" Коля иштеген фирмага тиешелүү кызматтык машина экен.
Милиция кызматкерлери келгенде маркум Колянын атасы баласынан айрылып калганы бир тең, кылмышкерди бир амалын таап кармап кала албаганы бир тең болуп ызаланып, башын салаңдата ыйлап отурган экен. Милиция кызматкерлери, тескерисинче, абышканын кылмышкерге каршылык көрсөтүп же кармап калууга аракет кылбай коё бергенине кубанышты. Эгер абышка жолун тоссо, кылмышкер аны да беркилердей кылып бычактап салуудан кайра тартмак эмес. Ал эми качып кеткен кылмышкерди кармоого болот эмеспи.
Кылмыш иликтөөчүлөр абышка-кемпир менен маркумдун кошунасы Валянын сүрөттөөсү менен кылмышкердин фотороботун түзүп, маркум Коля иштеген фирмага тиешелүү болгон "Фольксваген" машинасы тууралуу шаардык МАИге маалымат жиберишет. Кечиктирилбей жасала турган бул иштер менен катар маркумдардын дос-душманын да аныктоо керек болчу. Кылмыш иликтөөчүлөр ушул иштер менен баш катырып жатышканда МАИ кызматынан шашылыш кабар келип түшөт...

Жол кырсыгы
Свердлов РИИБинен "Фольксваген" үлгүсүндөгү кызматтык машинаны айдаган киши изделип жаткандыгы тууралуу маалымат МАИ кызматындагыларга бат эле таратылды. Мындан көп өтпөй Бишкектен Сокулукка чыга берген жерде эки машина кагышып кеткени маалым болду. Жол кырсыгын каттоого алмакчы болуп барган МАИчилер кырсыкка себепкер болгон машина РИИБ тарабынан изделип жаткан "Фольксваген" экенин билип, дароо опертопко кабар беришти.
– МАИ кызматынан чалгандар Бишкектен Сокулукка кире берген жерде жол кырсыгы болгондугун, кагышкан машиналардын бири биз издетип жаткан машина экендигин кабарлашты. Дароо ал дарекке жетип бардык. "Фольксвагенде" алты адам бар экен. Алардын ар биринин аты-жөнүн сурай келгенде биз издеп жаткан адам кимиси экендиги аныкталды. Маркум Коля иштеген фирмага тиешелүү "Фольксвагендин" бир тарабы майышып калыптыр. Машинаны МАИчилерге тапшырып, өзүбүз шектүү кишини алып келдик. Бою ортодон жогору, чапжаагынан келген 41 жаштагы Алексей РИИБге келип, суракты баштаганыбызда эле күндүз кылган кылмышы тууралуу айтып кирди,- дейт кылмыш иликтөөчүлөрдүн бири. Кылмышка шектүү деп кармалган Алексей суракта бир ооз кептен улам ушундай каргаша чыккандыгын билдирген.

Бир ооз кептин айынан
Бычак менен бырчаланып каза тапкан эки киши менен Алексей башкалаадагы фирмалардын биринде чогуу иштешчү. Ошол күнү алар кезектеги заказды аткарып бүтүп, чоң пайда түшкөнүнөн улам чогуу отуруп, кирешени "майлай" башташат. Балдары мектепте, жубайы жумушта болгондуктан, "эч ким тоскоол болбойт" деп Колянын үйүндө отурууну ылайык көрүшөт. Арак-шарабы мол үчөөнүн отурушу көпкө созулуп, бөтөлкөлөр бошой баштаган сайын үндөр бийик чыгып, бирин-бири тамашаламай, кеп талашмай күчөйт. Азыр камакта отурган Алексейдин айтымында, ошол арада үй ээси Коля аны "сен келемишсиң" деп арына тийип койгон. Анткени, Алексей буга чейин беш ирет абакка отуруп чыккан эле. Абактагылар уурулук үчүн камакка түшкөн адамды атынан атабай "келемиш" деп чакыргандарын Алексей өтө жаман көрчү экен. Эки адамдын өмүрүн алып кеткен кандуу окуянын болгон себеби ушул. Ичимдикке акыл-эси тумандап турган Алексей ошол замат үй ээсинин катыгын колуна бермекчи болуп мушташып кирет. Алы жетпей баратканда стол үстүндө турган бычакты ала жүгүрүп, кесиптешинин далысына бир, көкүрөгүнө эки ирет бычак сайып алган. Кесиптеши кан жөткүрүп жыгылганда өзүн эсине келип токтотуп калбай ичкери кирип, креслодо отурган экинчи кесиптеши менен урушуп, аны креслодон турууга үлгүртпөй бычактап салган. Ошентип, байкалбай кеп арасында айтылып кеткен бир ооз кептен улам кырктын кырынан эми эле ашкан эки киши каза таап, алардын балдары атасыз калышты.

(Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу адамдардын аты-жөнү өзгөр­түлүп берилди)

Даярдаган Шаиста Шатманова.
Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 290, 23-29-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан