Мыкты аранжировкачы жана мыкты ырчы Ильяз Абдыразаков жакында эле Жалал-Абаддан келип, эми Орусияга аттанганы турат. Ырчы Алтынбек Алымов экөөнүн чыгармачылык сапары көпкө созуларын продюсери Баяке Чааров айтып өттү. Ал жакта ата журтту сагынып, куса болгон мекендештерибизге эстен кеткис концерт уюштуруп, жагымдуу ырларды тартуулап кайтмакчы. Казакстанга концерт коюп барып, автограф сураган казак кыздарынан араң кутулган балакай эми Орусиядагы мекендеш кыргыз кыздарынан кутула албай калбаса болгону.