“BLACKEYEDPEAS” тобу

ТОПТУН ЫРЧЫЛАРЫ

Уилльям Жеймс Адамс
Ырчы 1975-жылы 15-мартта АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң ки­чүү­сү. Кичинекей кезинен бери эле белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенет. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде азыркы коллегасы Аллен менен таанышып калат. Анан мектепти таштап, музыка жана бий дүйнө­сүнө баш оту менен кирип кетет.
Кийинчерээк Уилльям бийден да ыр жазганга көбүрөөк маани бере баштайт. Ал 2003-жылы “Where is the love” (Сүйүү кайда?) деген ырын жазат. Бул ыр ошол эле жылы популярдуу болуп чыга келет. Мунун себебин Уилл башка ырчылар сыяктуу батыш дүйнөсүн мактап, рекламалабастан, тескерисинче, олуттуу маселелерди ачык айтканы менен байланыштырат. Ырда батыш өлкөлөрүнө таандык сүйүүсүз жашоо, баңгилик, жеңил ойлуулук сыяктуу маселелер козголгон.
2004-жылы Уилл “Мен кийиммин” (I am clothes) деген кийим стилин ойлоп табат.
Уилл учурда бойдок. Ал 30га чыкса да сүйгөн кызы жок. Уиллдин жан-дүйнөсү абдан назик болгондуктан, өзүнө окшогон назик кыз тапкысы келет. Бирок, анын ою боюнча Америкада анын оюндагыдай назик, уяң кыз жокко эсе. Уиллдин лакап аты – Will.i.am башкача айтканда, “эмнени кааласам ошону аткарам”.

Аллен Пайнеда
Аллен 1974-жылы 28-ноябрда Филиппинде туулган. Аны төрт жашында Кристина Пайнеда аттуу америкалык аял багып алган. Ошентип, ал Лос-Анжелесте чоңойгон. Аллен муну 17 жашында гана билген жана Филиппиндеги өз апасын издеп тапкан. Азыр өз апасы менен да, бакма апасы менен да катышып турат.
Аллен да Уилл менен таанышкандан кийин 8-класста окуусун таштайт да, экөө “Tribal Nation” деген топ түзүшөт. Кийинчерээк топко “Atbаn Klann” деген ат ыйгарышат.
Аллендин аялынын аты да Кристина болгондуктан, аны апасы сыяктуу Кристина Пайнеда деп жаздырган. Учурда Аллен Лос-Анжелесте жубайы жа­на агасы Арнел менен чогуу жашайт. Аллендин лакап аты – Apl.de.ap. Бул анын филиппинче аты.

Жейм Луис Гомес
Жейм 1975-жылы 14-июлда АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. Жеймдин апасы индеец, ата­­сы мексикалык. Ал “брейк-данс” бий түрү боюнча атайын окуп билим алган. Жейм­ 16 жашында Розлинн Кобарубиас аттуу кызга үйлөнүп, андан Жошуа аттуу уулу бар. Уулу азыр 13 жашта. Бирок, Розлинн экөө көп өтпөй эле ажырашып кетишкен. Ажырашууга Жеймдин такыр үйгө турбаган гастролдору себеп болгон деп айтылат. Учурда Жейм Ксюша Кондитерова аттуу орус сүрөтчү кыз менен жолугуп жүрөт. Ал тургай, Жейм анын колун сурап, ага шакек салган. Ырчынын алсыз жагы спирт ичимдиктерин жана тамекини көп колдонот. Жеймдин лакап аты – Taboo. Бизче которгондо “тыюу салынган” дегенди билдирет.

Стейси Энн Фергюсон
Стейси 1975-жылы 27-мартта АКШдагы Калифорния штатында туулган. Ал карьерасын 1983-жылы 8 жашында “Чарли Враун” аттуу мультфильмдеги каарманды сүйлөтүү менен баштаган. 1996-жылы жалаң кыздардан турган “Wild Orchid” (Жапайы өсүмдүк) тобуна кошулган. Бул топто 5 жыл иштеген соң, 2001-жылы Уилл Стейсини өздөрүнүн тобуна алып келип кошкон. Стейси оң кулагын 7 жеринен, кашын жана киндигин көзөп, ал жерлерине сөйкөлөр­дү тагып алган. Стейси өзгөчө­лө­нүп кийингенди да жактырат. Ошондуктан, акчасынын дээрлик бардыгын кийимге жумшайт. Ал эми денесинин өзүнө жаккан бөлүгү буту. Ал турсун, жакында эле “Ин Тач” (In Touch) журналы уюштурган “Эң сулуу буттуу айым” конкурсунда 5-орунду алган.
Стейси 2 жылдан бери 28 жаштагы гитарист Рей Брэди менен жолугуп жүрөт. Анын аты азырынча белгисиз болгон фильмде баш каармандын ролуна тартылып жаткан учуру. Бирок, анын алдыга койгон максаты Шекспирдин “Гамлет” драмасындагы Офелиянын ролун ойноо.
Стейси 5 жылдан бери наркотикалык заттарды колдонот. Жакында эле Стейсинин “ашык­ча өлчөмдө наша колдонуп, көз жумуптур” деген имиштер анын күйөрмандарын чочуткан. Стейсинин лакап аты – Фержи. Бул анын фамилиясынын кыскача аталышы.

ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ
Жогоруда айтып кеткендей “Atban Klann” уюштуруучулары Уилл жана Аллен 1998-жылы Жейм менен таанышып, анын өз ишинин адиси экенин байкашат да, ошол эле жылы үчөө биригип “BlackEyedPeas” деген топ түзүшөт. Көп өтпөй үчөө топко Ким Хилл аттуу кызды кошуп алышат. Бирок, ал 2000-жылы күтүүсүздөн топту таштап кетет. Ага карабай үч бийчи жигит Лос-Анжелеске таанылуу максатында күжүрдөнүп иштешет. Кийинчерээк топтун “Shut up” (Үнүңдү бас) аттуу ырына кыздын үнү керек болуп турган маалда Уилл Фержи менен таанышып, аны топко кошуп алышат. Ошентип, “BlackEyedPeas” тобунун азыркы курамы түзү­лөт.

ТОПТУН СЫРЫ

  • Топтун аты аталган кара тактуу буурчакты америкалык үйбүлөлөр тамакка көп колдонушат. Индеецтердин чачу уруусунан келген Жейм индеецтер муну адамдагы жаман нерселерди, жин-шайтандарды жок кылуу үчүн колдоноорун айткан.
  • Сахнага чыгаар алдында Фержи 2 банка энергия бе­рүүчү суусундук ичет. Ал муну адатка айландырып алгандыктан, суусундук ичпей калса өзүн ырдай албачудай сезет.
  • Топтун ырчылары күнүгө бир маал “Кудай, дайыма биз менен бол. Дүйнөдөгү бардык адамзат досторубуз да кара, сары, ак экенине карабастан биз менен болсун” деген дубаны окуп, сыйынышат.
  • Топтун тумары пил болуп эсептелет. Индеецтер пилди ыйык жаныбар деп эсептегендиктен, бул жаныбарды Жеймдин апасы тумар кылууну сунуштаган. Алтурсун, алар 3-альбомун “Elepfunk” (Пил оюну) деп аташкан.

АЛЬБОМДОРУ
1998-жыл - “Behind the front” («Алды жактын аркасында»)
2000-жыл - “Bridging the gap” («Боштукту толтуруу»)
2003-жыл – “Elepfunk” («Пил оюну»)
2005-жыл – “Monkey busi­ness” («Маймылдын эмгеги»)

«MY HUMPS» ЫРЫНЫН МАЗМУНУ
“BlackEyedPeas” тобунун буга чейинки ырлары Батыш дүй­нөсүнө кеңири жайылып, Батыш элинин сүймөн­чүлүгүнө ээ болуп келген болсо, “My humps” аттуу ыры дүйнөнүн бардык бурчун өз кучагына алган. “My humps” “менин келбетимдеп которулат. Ал эми ырдын мазмунуна келсек, кадимки эле америкалык жигит менен кыздын кайым айтышынан сөз болот.
Жигит кызга: “Келбетиң келишимдүү экен. Ичиңде эмне бар болду экен?” десе кыз: “Ичимде эмне болмок эле. Сен алып берген ичимдиктер эле бар” деп жооп айтат. Анда жигит: “Мен сенин денеңдин ичин эмес, ички дүй­нөңдү сурагам. Сенин оюң жаман экен. Дароо эле оюңа жаман нерсе келет” дегенде кыз: “А силер, жигиттер кыздарды колдонушту эле билесиңер” деген оюн айтат. Ошентип, ырда кыз да, жигит да «бизсиз силердин күнүңөр өтмөк эмес» деп бири-бирин тоготпогондой түр көрсө­түшөт.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 189, 16-22-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан