Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) 2009-2010-жылдарга карата адамзаттын өнүгүшү жөнүндө улуттук докладын жарыялады. Анын ачылышында Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Нил Волкер, УӨнүн социалдык, коомчулук менен байланышуу жана ММК тармагынын координатору Элмира Ибраимова, Эмгек, миграция жана жумушка орноштуруу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова, ырчы Мирбек Атабеков да катышып, доклад окушту.
Айтмакчы, Мирбек Атабеков ПРООНго өз эрки менен ыктыярдуу элчи болууга талапкерлигин коюуда. Эскерте кетсек, аталган уюмга дүйнө жылдыздарынан Жет Ли, Анжелина Жоли, Николас Кейдж, Кристина Агилера сыяктуулар элчи болушкан. Эми бизден минтип Мирбек талапкер болууда.
Эмне демекчибиз, биз да Мирбектин ыктыярдуу элчи болуп, Кыргызстан жаштарын сергек жашоо образына үндөөчү иштерге активдүү катышып, келечек муундун дени сак жашоосуна көмөгүн көрсөтөрүнө ишенип, тилектештигибизди билдиребиз.