ЖАНАРА АЛПАРУУЧУЛУКТАН ЭМНЕГЕ КЕТТИ?

“Ди-джей, ырчы, телеалпаруучу Жанара Атабекова эмнеге теледен көрүнбөйт?” десек, көрсө, алпаруучу айым да апрель окуясынын курмандыгы болуптур. “Өз каалооңуз менен алпаруучулуктан кеттиңизби?” деген сурообузга мындай деп жооп берди.
“Апрель төңкөрүшүнөн кийин кадимкидей эле “Заманада” иштеп жаткам. Бир күнү эле аталган студиянын жетекчиси “жумуштан бошойт экенсиң, жогору жактан буйрук келди” дейт. Жогору жагы УТРКнын жетекчилигиби же УӨнүн башында тургандарбы, биле албадым. Себебин тактап сурасам, мен ИИМдин министрлиги алдында түзүлгөн ансамблде иштегенимден, анан да “экс-министр Конгантиев менен жакын мамиледе болчу” деген жалган ушактан улам кызматтан алыныпмын”,- дейт Жанара айым. Ошондой эле эки айлык маянасын жетекчилик кыскартып салганын айтып кейиди. Учурда УТРКнын жетекчилигине кат жазганын, эгер оң жооп албаса, материалдык, моралдык жактан чыгым келтиргендиги үчүн УТРКны сотко берерин билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан