Түркиянын ТРТ телерадио башкармалыгы уюштурган “Түркчөвизион” фестивалында 26 мамлекеттен 100 ырчы барып, өз репертуарындагы ырларды түрк тилинде аткарышкан. “Манас FM” радиосунун уюштуруусу менен Кыргызстандан Неля барды. Бул фестивалда Неля аталган радионун директору Бюлент Немал жазган “Жаным ашкым” деген түркчө ырды аткарган. Түрк ырчыларынан ашыра ырдап салган окшойт, айтор, “Жаным ашкым” ыры түркчө ырдалган эң мыкты 5 ырдын тизмесине илинди. Албетте, Урмат мырза көрөр көзүн коштоп барды. Түркиядан келери менен ээрчишкен эки жаш чыгармачылык сапар менен Орусияны көздөй учуп кетишти.
________________
Нелянын чыгармасына шилтеме:
Неля, "Жаным ашкын"