Алматы шаарында өткөн Орто Азия мамлекеттеринин арасындагы III театралдык жана Эл аралык фестивалынан биздикилер ийгилик менен кайтышты. Кыргыз улуттук драма театры аталган фестивалга Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан алынган “Чыңгызхандын ак булуту” спектакли менен барган. Ондогон драма театрлар койгон спектаклдерди артка таштап, Какажан Аширов режиссёрлук кылган спектакль баш байгени алып келди. Алтын кубоктон сырткары “Эркектин эң мыкты актёрдук иши үчүн” жана “Аялдын эң мыкты актёрдук иши үчүн” деген наамга искусствонун мыкты чеберлери, Кыргыз Эл артисттери Кыргызбай Осмонов менен Шайыр Касымалиева ээ болушту.