Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, ырчы, бажыканачы жана жөн эле “красавчик” Бек Борбиевдин жашоо-турмушунда чоң өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар таптык. Сахнага байма-бай чыкпаса да, улам бир жакшы ыры менен күйөрмандарын кубантып турган Берадор Сманович бажыканадагы жумуштарын толугу менен тапшырып кызматтан кеткендигин бизге кабарлап, саясий карьера баштаарын айтты. Бек мырзага пайдалуу сунуш түшкөнбү же ой-мүдөөлөрү туура келгенби, айтор, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курамына кирип, Адахан Мадумаров менен бирге иштемей болуптур.