Чет элдик маалымат каражаттарында бир беткей, тактап айтканда, жабыр тарткан өзбек улутунун өкүлдөрүнүн гана көйгөйүн чагылдырган маалыматтар жарыяланууда. Мына ошол себептен биздин элди жапайы көрүп калгандар да бар. Fergana.ru сайтына жарыяланган ырды угуп, жакабызды кармап турабыз. Анда өзбек ырчысы Юлдуз Усманова Ош окуясына байланыштуу өзбектерге кайрат айтып, кыргыздарга наалат деп боздоп ырдаптыр. Сөзүбүз кур болбошу үчүн ырдын кыргызча котормосунан үзүндү келтирели:
Эмне үчүн бул төгүлгөн кан?
Эч бир жокпу дилиңде ыйман?
Ах, кыргызым, сатылдың арзан,
Өз берекеңди жок кылдың.
Ар нан берген колго ишенбе,
Жеңиш деп кошо кубанба.
Өзбегимдин дилин ооруттуң,
Эртең келип бушайман кылба.
Чок көөлөсөң алоосу өчөт,
Кошунаңа тийбе, ал да көчөт.
Ар улутуңду өлтүрүп, эзип, куусаң,
Кыргызыңда кимдер калат?
Айт, талааңда нелер өсөт?
Айт, өлкөңдө кимдер калат?
Кымызыңа кимдер тоёт?
Сагынарсың дарбыз, коон, нан,
Дыйкан, наабайчыны кылдың курман.
Кылымдар да кечирбейт го кан,
Айт, кыргыздарда жокпу ыйман?
Карап тур, эшигибизди кагарсың,
“Бизди баккан ошол өзбек” деп.
Айласыз калганда көп ыйлаарсың,
Өзбек өч алса бүтөрсүң,
Керек болсо кечирим сурайсың!..
Муну уккан жөнөкөй кыргыздын каны башына тээп чыгары турган кеп. Кыргызга мынчалык наалат айткыдай ал ким?! Кимди ким өлтүрдү, эмнеден улам бул окуя болду, билип-билбей туруп улуу кыргыз элине шек келтиргенге акысы барбы?! Айтор, ансыз да мындан башка маселелер көп убакта буга баш оорутар бирөө-жарым табылабы, билбейбиз. Мүмкүн, Өзбекстандан бир эмес, бир канча жолу куугунтукталып, азыр Европада жүргөн Юлдузкан ушул ыры аркылуу өлкөсүнө жагынуу аракетин көрүп жаткандыр. Бирок бир нерсени билип койсун, кыргыз канча кылым карытып, карт тарыхты баскан эл. Айкөлдүгүнөн 80ге жакын улутту коюнуна батырып келгени жалган эмес, чын! Кыргыз эли жер бетинде жашап турганда ага акаарат келтирип, каргаганга эч кимдин акысы жок!